Кыргызстандагы сот системасына баа берилет

Мындай социологиялык иликтөөнү “Демокартия жана жарандык коом үчүн” коалициясы өткөрдү. Бүгүн иликтөөнүн бет ачары мамлекет жетекчилери, эксперттердин катышуусунда Бишкекте өтөт. Ушул эле күнү Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарына, президенттик аппарат жана бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө жогорку, жергиликтүү соттордун судяларына талапкерлер кандай тандалары, алардын талаптары тууралуу маалымат беришет. Бул тууралуу “Азаттыкка” кеңештин маалымат катчысы Адилет Султаналиев кабарлады. Анын айтымында, Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун судьялык кызматы үчүн сынактын өтмө упайын 35, ал эми максималдуу 70 балл деп бекитти. Учурда Жогорку Соттун судялыгына 35 орун үчүн талапкерлер документтерин тапшырууда. Сынак үч этап менен өтмөкчү. Анда талапкерлердин кесипкөйлүгү жана моралдык сапаты эске алынат. (КЕ)