Иран Израилге жетчү ракетаны сыноодон өткөрдү

Иран армиясы Израилге сокку ура алчу “Шахаб-3” баллистикалык ракетасын сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. “Шахаб-3” 2 миң чакырымдагы бутаны жок кыларын Ирандын маалымат булактары кабарлады. Израил менен Ирандын ортосу 1 миң чакырым.

Ракета 2-июлда башталган “Улуу пайгамбар-7” деп аталган аскерий маневр учурунда сыналды. Аскерий машыгуу Европа Биримдиги 1-июлдан тарта Ирандан мунай сатып алганга эмбарго жарыялаганга жооп ирети өткөрүлүүдө.

Стамбулда болсо ирандык жана Р5+1 тобуна кирген дүйнөнүн ири алты мамлекетинин эксперттери Тегерандын ядролук программасы боюнча техникалык сүйлөшүү жүрүүдө.