Бишкек мэриясы: “Дыйкан” базары талапка жооп бербейт

Бишкек шаар бийлиги "Дыйкан" базарын текшерүүгө алып, талапка жооп бербей турганын аныктады. Мэриядан кабарлашкандай, базарда айыл чарба өнүмүн дүңүнөн саткан жерде, унаалар токтогон жайда эреже бузуулар катталган. Базарда ирип-чириген жашылча-жемиш, мөмө-чөмөлөрдөн арылтуу жана жалпы тазалыкты сактоо да жолго коюлган эмес.

“Дыйкан” базарында жашылча-жемиш дүңүнөн сатылат. Базар 2009-жылы июнь айында мурдагы мэр Нариман Түлеевдин тушунда ачылган жана ал ушул тушта паракорчулук боюнча айыпталып камакка алынган экс-мэрге тиешелүү экени айтылып жүргөн. (EBM)