Нэви Пиллэй: Жаңы-Өзөн окуясы Казакстанга көлөкө түшүрдү

Жаңы-Өзөндөгү кандуу калабаны үстүрт иликтөө Казакстандын аброюна зыян тийгизди. Бул жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссары Нэви Пиллэй бүгүн Жаңы-Өзөнгө барган соң билдирди.

“Ачылган фактылар күч ашыкча колдонулганын жана адамдардын укугу тепселенгенин күбөлөйт”, - деп белгилеген Пиллэй айым кандуу булоонго жергиликтүү бийликтердеги коррупцияга батканына катар өлкөдө сөз жана жыйналуу эркиндигин чектөөлөр негиз болгонун кошумчалады. Ошол эле учурда Нэви Пиллэй Жаңы-Өзөндө эмне болгону дале белгисиз экенин айтты.

Жаңыөзөндүк мунайчылардын бир нече айган созулган иш таштоосу былтыр декабрда полиция менен кагылышуу менен аяктап, калабада 16 адам окко учкан.