Акун: Президенттин аброюна шек келтирген аткаминерлер бар

Айрым жогорку кызматтагы аткаминерлер өз ишин эптей албай, өлкө башчысынын аброюна көлөкө түшүрүүдө. Мындай пикирин акыйкатчы Турсунбек Акун 13-июлда президент Алмазбек Атамбаевге жолукканда билдирди.

Бирок акыйкатчы ал аткаминерлердин аты-жөндөрүн ачыктаган жок.

Турсунбек Акун УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагыларга түзүлгөн шарттар боюнча мониторингдин жыйынтыгы тууралуу айтып берди. (MTo)