Кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү тартиби өзгөрдү

Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн эки өлкөнүн жарандарынын бири-биринин аймактарында жүрүү тартиби тууралуу макулдашуусу 5-июлдан тарта күчүнө кирди. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, кыргыз-казак жарандары бири-бирине каттаганда беш күндүн ичинде каттоодон өтүп, 90 күн жүрө алат. Мурун мөөнөт 30 күн болчу.

Казакстанда кыргызстандык жүз миңдей мигрант иштеп жүрөт. (EBM)