Теннис боюнча өспүрүмдөрдүн эл аралык мелдеши өтөт

Bishkek Open-2012 эл аралык турнири бүгүн башталып 28-июлда аяктамакчы. Эркектер арасындагы мелдешке 11 өлкөнүн 48 өкүлү катышат. Алардын үчөө Кыргызстандын жарандары.

Кыздардын таймашына беш өлкөдөн 31 спортчу келди. Алардын алтоо алатоолук теннисчи өспүрүм кыздар. (EBM)