Цементтин баасы жарым жыл ичинде арзандайт

Бул тууралуу бүгүн Экономикалык тескөө жана антимонополдук саясат министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин директору Данил Ибраев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, монополист аталган Кант цемент заводуна базарды цемент менен жетиштүү камсыз кылуу тапшырмасы берилди. Аталган депапртамент өткөн апта соңунда заводду текшергенден кийин, бир тонна цементтин заводдон чыккан баасын (салыктар кошулбагандагы) 4561 сомго баалаган.

Өткөн айда республика боюнча цементтин баасы кымбаттап кеткен эле. Маселен, Бишкек шаары менен Чүйдө бир тонна цемент жети миӊ, түштүк облустарында жети жарым миӊ, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында сегиз жарым - тогуз миӊ сомго чейин жеткен.

Кыргызстанда азыр үч цемент заводу иштейт. Алар: Кант, Кызыл-Кыя жана Араван цемент заводдору. (КЕ)