Медет Садыркуловдун ишин кароо жылдырылды

Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучунун адвокаты Леонид Лужанский кабарлады. Буга ишти караган сот Марлен Тентимишевдин ооруп калганы себеп болду. Садыркуловдун ишин кароо аптанын бейшемби жана жума күндөрүнө белгиленген. Буга чейинки соттук териштирүүдө Азимбек Бекназаров, Элмира Ибраимова жана Эмил Каптагаев суралган.

Мурдагы президент Бакиевдин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов жана анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун өлүмүнө байланыштуу он кишиге айып тагылууда. Кылмышка тиешеси бар делген мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси Жаныш Бакиев баштаган бир нече адамдын иши кармалган соң өзүнчө каралганы жатат.

2009-жылы мартта Садыркулов баштаган үч адамдын күйгөн сөөктөрү менен алар түшкөн машине Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган. (KЕ)