Жээналиев: Сулаймановду кармоого парламент уруксаты керек эмес

Бул тууралуу баш прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Сулайманов оор берене боюнча айыпталууда. Ошол себептүү аны кармоо үчүн Жогорку Кеңештен уруксат талап кылынбайт. “Бирок азырынча депутатты кармоо пландалган жок”, - дейт Жээналиев.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулаймановго 21-июлда кылмыш иши козголгонун бүгүн кабарлады. Ага транспорт жана коммуникация министри кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган (Кылмыш кодексинин 304-беренеси) деген айып коюлууда. Натыйжада жол-курулуш техникасын алып келүүдө мамлекеттик казына 250 млн. чукул сом зыянга учураган.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Нурлан Сулайманов учурда Кыргызстан аймагында жок экенин, тергөөгө келип көрсөтмө бербей жатканын кабарлаган болчу. Депутаттын кесиптеши Акматбек Келдибеков Сулайманов эч жакка качпаганын, далилдердин негизинде жооп берүүгө даяр экенин “Азаттыкка” билдирген. (КЕ)