Апта-маанай (22-28-июль)

Кыргызстанда 44 өлкөнүн жарандарына визасыз жүрүүгө уруксат берген мыйзам күчүнө кирди.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведев менен Москвада жолугушуп, соода-экономикалык кызматташтык, анын ичинде гидроэнергетикалык долбоорлорду, Орусияга Кыргызстандын карызын талкуулашты.

Жогорку Кеңештин айрым фракциялары Өмүрбек Бабанов башында турган өкмөттү таратуу максатында кезексиз сессия чакыруу демилгесин бул аптада кайрадан көтөрүп чыгышты.

Орусияда кыргызстандык кыз-келиндерге кордук көрсөткөн “Патриот” тобунун мүчөлөрүнүн жаңы тасмасы социалдык түйүндөрдө жарыяланды.

Кыргызстанда ун азыктары кымбаттады. Акыркы бир аптада эле ундун баасы болжолдуу 30-40 пайызга көтөрүлгөнү байкалды.

Сириянын ири шаары жана соода борбору Алеппо шаарында Асадга ишенимдүү аскерлер менен көтөрүлүшчүлөр ортосунда айоосуз согуш жүрүүдө.

Дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуктуруп алган балдарды Ошто мектепке кабыл албай жатканын алардын энелери айтып чыкты.

Лондон Олимпиадасынын ачылышын стадиондо 80 миң киши көрдү.

Кыргызстан Лондонго 14 спортчусун аттандырды. Алар спорттун 10 түрү боюнча таймашат.