Жогорку Соттун судьяларын тандоо уланууда

Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьяларын тандоо боюнча сынактын 2-турун улантат. Аталган кеңештин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, кеңеш мүчөлөрү 5 талапкердин укуктук темада жазган дил баяны менен таанышып, аңгемелешүү өткөрөт.

Маалыматка ылайык, 23-июлда башталган сынактын экинчи турундагы үч жолку жыйында кеңеш 14 талапкерге үчүнчү турга катышууcуна макулдук берди.

Сотторду тандоо кеңеши 10-июлдан тарта Жогорку Сотко судьяларды тандоо жараянын баштаган. Жалпысынан сынактын башталышында судьялык орун үчүн 92 талапкер арыз берген. Бирок алардын 20га жакыны өз арызын чакырып алып, учурда 35 орун үчүн 71 талапкер ат салышууда.(BkA)