Украин оппозициясын шайлоодо Юлия Тимошенко баштайт

Украинада 28-октябрда болчу парламенттик шайлоодо Биргелешкен украин оппозициясынын тизмесин Юлия Тимошенко баштайт. Оппозиция 30-июндагы курултайында ушундай чечим кабыл алды.

Тимошенко премьер-министр кезинде кызматын жаңылыш пайдаланды, казынага чоң зыян келтирди деп айыпталып, былтыр октябрда жети жылга кесилген. Ал 1990-жылдары менчик энергетикалык компанияны жетектеп турганда миллиондогон доллар салык төлөбөдү деп да шектелүүдө.
Юлия Тимошенконун жактоочулары экс-премьер саясый жүйөөдөн улам соттолду деп санашат. Сот өкүмүн АКШ менен Евробиримдик да сындаган.

  Украин оппозициясынын шайлоо тизмесиндеги үчүнчү талапкер - мурдакы ички иштер министри Юрий Луценко. Ал казыныга чоң өлчөмдө зыян келтирди деп айыпталып, быйыл февралда төрт жылга соттолгон.