Германиянын Lufthansa (Люфтганза) авиакомпаниясы Бишкек аркылуу Европадан Түштүк-Чыгыш Азияга учууну көздөп жатат. Бул тууралуу Томас Кьюрренбах башында турган Lufthansa делегациясы бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушууда билдирди.
“Абада учууда 4-5 тепкичтүү эркиндикти алууга кызыкдарбыз жана бул долбоор боюнча алгачкы кадамдарды кышында баштаганы жатабыз”,- деди аба компаниянын тармактык пландаштыруу директору Томас Кьюрренбах.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Lufthansa авиокомпаниясы “Манас” аэропортун май куйуу пункту катары колдонууну да көздөп жатат.
Lufthansa – жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча беш ири аба компаниянын ичине кирет. (KKs)