Машинелерге салык төлөө 20-августка чейин узартылды

Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевдин айтымында, учурда бул багытта план 91% аткарылды. Бирок 44 млн. сомдук салык чогултула элек. Ошол себептүү өкмөт Кыргызстанда унааларга салык төлөө мөөнөтүн 20-августка чейин узартты.

Машине ээлери көрсөтүлгөн убакытка чейин салык төлөбөсө, 2000 сом айып төлөшөт. (КЕ)