Ноокенде балдар аянтчасы ачылат

Бүгүн Жалал-Абаддагы Ноокен районуна караштуу Сакалды айылында балдар аянтчасы расмий ачылат. Аянтча улуттар аралык мамилелерди чыңдоо боюнча эл аралык долбоордун алкагында салынды.

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында июнь коогасынан кийин жараштыруу жараяны жүрүп, улут аралык мамилени чыңдоо, араздашууну алдын алуу аракеттери көрүлүүдө. (EBM)