Ноокатта 4 жашар бала кутурмадан чарчап калды

Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлиги билдирди. Абшыр-Сай жайлоосунда 13-июлда баланы кошунасынын ити каап алган. Апасы эртеси Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып барып, бетин тиктирип, бирок ит тиштеп алганы тууралуу айткан эмес. Баланын оорусу күчөп, 7-августка кайрадан ооруканага кайрылган, бирок илдети өтүшүп кеткендиктен чарчап калган.

Кутурган ит капкан дагы бир 9 жашар бала учурда ооруканада жатат. Оору жугушу мумкүн деген 4 адам эмделди. (EBM)