Москвада ташталган ымыркайлар эртең алынып келет

Москва шаарына кыргызстандык кыз-келиндер таштап кеткен алты ымыркайды Бишкекке алып келүү эртеңкиге калды. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиришинче, алардын экөө тумоолоп калган. Балдар бүгүн эртең менен учуп келмек болчу.

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов ымыркайлар жакын туугандары табылгыча балдар үйлөрүндө болорун, эгер табылбаса жаңы үй-бүлөлөргө асыроого берилерин билдирген.

Ымыркайларды алып келүү үчүн министрликтен жети кызматкер Орусияга барган. Өкмөттүн чечими менен бул иштерге 1 миллион сом бөлүнгөн. Мындан мурда Орусиянын шаарларынан бир канча ымыркай Кыргызстанга алынып келинген болчу. Азыр дагы 15тей ымыркай калды. (EBM)