Башар Асад бир айдан бери биринчи жолу эл алдына чыкты

Башар ал-Асад Дамаскиде орозо айт майрамында мечитке келди. 18-июлдагы бомба чабуулунда төрт коопсуздук кызматкери набыт кеткенден бери ал-Асад элге көрүнө элек эле. Сириянын сыналгысынан бүгүн Асаддын ал-Хамад мечитинде намаз окуп жатканы көрсөтүлдү. Анын жанында мартабалуу бийлик өкүлдөрү жүрдү, бирок арасында оппозицияга өтүп кетти делген вице-президент Фарук ал-Шараа көрүнгөн жок. Шараанын кеңсеси ал оппозицияга өткөн деген маалыматты четке каккан.

Анын аралыгында Сириянын Алеппо шаарында бүгүн өкмөттүк аскерлер менен оппозициянын куралчандары ортосунда салгылаш уланып жаткандыгы кабарланууда.