Ош облусунда жол кырсыгында бир адам мерт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, бүгүн таңкы саат алтыда Ош – Ноокат унаа жолунда (Ак – Тилек кичи району) “ВАЗ -2107” үлгүсүндөгү (мам№ О 00 77АВ) унаа жол четинде токтоп турган КамАЗды сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болуп, үч адам жабыркады. Жабыркагандар тез арада Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. (RK)