Абдулла Гүлдүн Кыргызстандагы расмий сапары болбой калды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин пресс-атташеси Чыңгыз Эсенгуловдун "Азаттыкка" билдиришинче, Түркиянын президенти Абдулла Гүл бүгүн түрк тилдүү өлкөлөрдүн Бишкек саммитинен кийин эле учуп кетет. Эртең, 24-августта Гүл Кыргызстанда калып расмий сапарын улантмак эле.

Маалыматка караганда, түрк мамлекет башчысы кулагы ооруп калгандыктан расмий сапардан баш тартты. (EBM)