"Хизб-ут Тахрирдин" Жалал-Абаддагы башчысы кармалды

Бул тууралуу «Азаттыкка» ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады. Маалыматка ылайык, кылмышка шектелген 30 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну тыюу салынган уюмдун бул облустагы башчысы деп эсептелип, анын уюштуруусу менен облус аймагында экстремисттик идеяларды жайылтуу иштери жүргүзүлгөн.

Кармоо учурунда шектүү кишинин үйүнөн 155 даана китеп, 300дөн ашуу диний-экстремисттик мазмундагы баракчалар жана 24 диск табылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү адам камакка алынды.(BkA)