Ысык-Көлдө жөлөкпул алган жумушсуздардын саны кыскарды

Бул тууралу Ысык-Көл облустук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Карабакирова билдирди. Анын айтымында, жумушсуз адамдарга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, мекеме, ишканалар жумуш берүүдө. Ысык-Көл облусунда 5700дөн ашуун адам жумушсуз катары каттоодо турат. Алардын 81ине жөлөкпул чектелген.

Кыргызстанда жумушсуздук көйгөйлүү маселе. Миңдеген жаштар өлкөдө иш таппай сыртка мигрант болуп кеткен. (КЕ)