Митт Ромни республикачылардан президенттикке талапкер

Ушул жылдын 6-ноябрында АКШда өтө турган президенттик шайлоодо демократ Барак Обамага республикачылардан Митт Ромни атаандаш чыгат. Флориданын Тампа шаарындагы съезддин делегаттарынын көпчүлүгү Ромнинин талапкерлигин колдоду. Ал 1144 делегаттын добушун алып, партиянын ичиндеги таймашта жеңишке жетти.

Массачусетс штатынын экс-губернатору, мурдагы ишкер 65 жаштагы Митт Ромнинин атаандашы Барак Обаманы сүрөгөн демократтардын съезди эмки аптада Түндүк Каролина штатында өтөт.

Кыргызстандан барган мыйзам чыгаруучулардын тобу Америкадагы эки саясий партиянын президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып жүрөт. Депутаттардын Кошмо Штаттарга иш сапарын Американын Демократтар жана Реуспубликачылар партияларынын Бишкектеги өкүлчүлүктөрү уюштурган.