Ооганстанда жанкечти беш аскерди өлтүрдү

Кунар провинциясынын бийлигинин маалыматында, жол жээгинде жашырылган бомба жарылып, машинеде бараткан 5 аскер мерт кетти. Аскерлер жолдон токтоп, машинеден түшкөндө аларга жанкечти жакындап келип, жарылуучу түзүлүштү иштетип жиберген.

Окуя талиптердин таяныч бекети саналган Маногай районунда болду.