Түштүк Кореяда Мун сектасынын негиздөөчүсү Сан Мён Мун дүйнө салды

Түштүк Кореяда Мундун диний кыймылын негиздеген Сан Мён Мун 92 жаш курагында өпкө илдетинен ооруканада көз жумду.   

1954-жылы Мун түптөгөн диний кыймылдын дүйнө жүзүнүн ар кыл өлкөлөрүндө миллиондогон жактоочулары бар. Кыймыл 1970-80 жылдары сектага киргендердин жапырт үйлөнүү тойлору менен белгилүү болгон. Мун чиркөөнү эл аралык алкакта ишкердүүлүк жүргүзүү үчүн дагы пайдаланган.

Кыргызстанда учурда Мундун окуусун тараткан уюмдарга тыюу салынган.