ӨКМ: Түптөгү өрт кайра тутанышы ыктымал

Ысык-Көл облусунун Түп районунда чыккан өрт өчүрүлдү, бирок эгер катуу шамал болсо кайра тутанышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

31-августта Кең-Суу айылынын түндүк тарабындагы Солдат коктусунда чыккан өрт 3-сентябрда түштөн кийин гана толук өчүрүлдү. Тилсиз жоо менен жергиликтүү тургундар, куткаруучулар алышты. Казакстандан жөнөтүлгөн МИ-17 тик учагы да жардам берди. Токойчулардын айтымында, 130 гектар талаадагы кургак чөп жана 20 гектар токойдогу карагай күйүп кетти. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян болгон жок. (RK)