Жаңылыктар Түркияда аскер кампасында жарылуу болду 6-Сентябрь, 2012 Түркиянын батыш тарабындагы Афион провинциясында жайгашкан аскер кампасындагы жарылуудан 25 аскер кызматкери набыт болуп, беш киши жараат алды. Кампада кол гранаттары сакталып турган. Азырынча жарылуунун себеби аныктала элек.