Бишкекте журналисттердин тилектештигинин эл аралык күнү белгиленди

8-сентябрь журналисттердин тилектештигинин эл аралык күнүнө карата бүгүн Кыргызстандагы "Журналисттер" коомдук бирикмеси бир катар иш-чараларды уюштурду. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн арасында ар түрдүү сынактар, оюндар уюштурулуп, мыктыларына баалуу белектер тапшырылды. Иш-чара Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы "Журналисттер аллеясында" өткөрүлдү.

Эл аралык жана жарандык уюмдар Кыргызстанда журналисттердин тилектештиги жоктугун, маалымат каражаттары бийликчил жана оппозициячыл болуп эки жээкке бөлүнүп алышканын айтып келишчү. (КЕ)