Футбол: "Азаттык" - НБТ 4:1

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында биринчиликтин 2-айлампасы бүгүн башталды. “Азаттыктын” футболчулары биринчи келаткан НБТ телеканалын ири эсеп менен утуп алды.

ЖМКлар арасында футбол боюнча чемпионат быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат. “Азаттыктын” командасы 3-орунда келатат. Буга чейин Мелис Эшимканов атындагы фонд өткөргөн турнирде “азаттыкчылар” биринчи орунду алган. (AKu/SJ)