Түлеевдин тарапкерлери мөөнөтсүз митингге чыгат

 Нариман Түлеевдин колдоочулары 12-сентябрдан баштап Бишкек-Торугарт жолун бөгөп, мөөнөтсүз митингге чыгышат. Бул тууралуу Түлеевтин колдоочуларыбыз деген 10го чукул адам Нарын шаарында өткөн бүгүнкү маалымат жыйында билдиришти.
Алардын бири, Таш-Башат айылынан келген Сартпай Турусбеков Нариман Түлеевге сот акыйкат чечим чыгарып берүүсүн талап кылып, 12-сентябрь күнү боз үй тигип, мөөнөтсүз митингге чыгышарын “Азаттыкка” тастыктады.

Түлеев Бишкектин мэри болуп иштеген учурда автобус сатып алууда мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып менен 25-июнда 21-августка чейин УКМКнын тергөө камагына алынган болчу. 15-августта Жогорку Сот “үй камагына чыгарылсын” деген чечим чыгарган. Бирок ошол эле күнү Башкы прокуратура башка айыптар боюнча кылмыш ишин козгогонуна байланыштуу УКМК аны тергөө абагынан чыгарган эмес.(TSh)