Апта-маанай (10-16-сентябрь)
Пакистандын Карачи шаарындагы кездеме фабрикасында өрт чыгып, 300гө жакын киши набыт болуп, 60тан ашууну жараат алды.
Орус президенти Владимир Путин 20-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Анда эки тарап аскердик, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшу күтүлүүдө.
"Күнөөсүз мусулман" аттуу исламга каршы тасмадан улам мусулман дүйнөсүндө нааразылык акциялары токтобой жатат.
"Күнөөсүз мусулман" аттуу исламга каршы тасмадан улам мусулман дүйнөсүндө нааразылык акциялары токтобой жатат.
12-сентябрда парламентте жаңы өкмөт курамы ант берди. Сүрөттө: Кылычбек Султанов - жаңы социалдык өнүктүрүү министри.
Жалал-Абаддын тоолуу Кызыл-Үңкүр айылында 11-класстын окуучулары 10-класстын бир окуучусун өлтүрүп коюшту.
Көпчүлүк добуш менен Фархат Бекмамбетов Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Бишкек гарнизондук сотунда айыпталуучулар көрсөтмө берүүдө.
15-сентябрда “өзгөчө ири өлчөмдө көз бойомочулук кылган” деген шек менен Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн прокурору, “Ата Мекен” партиясынан депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков камакка алынды.
АКШ 11-сентябрдагы террордук чабуулдун курмандыктарын эскерди.
АКШ 11-сентябрдагы террордук чабуулдун курмандыктарын эскерди.
Пакистандын Карачи шаарындагы кездеме фабрикасында өрт чыгып, 300гө жакын киши набыт болуп, 60тан ашууну жараат алды.