АКШ Орусиянын ЮСАИД боюнча дооматын четке какты

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Виктория Нуланд Вашингтондогу басма сөз жыйында Орусия АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин иши токтотуп жатышы “өкүнүчтүү” экендигин белгилөө менен уюм саясатка кийлигишет деген дооматтарды четке какты

- Биз жарандык коомду, демократияны, адам укуктарын колдогонубуз Орусиядабы же башка жердеби шайлоолорго кийлигишүү деген түшүнүктү толугу менен четке кагабыз.

Мунун алдында орус тышкы иштер министрлиги ЮСАИДдин мандаттын токтотуусун ал грант берүү менен саясий жараяндарга, шайлоолорго таасир көргөзүүгө аракеттенгенине байланыштуу деп түшүндүргөн.

ЮСАИД Орусияда 1992-жылдан бери иштеп, түрдүү багыттагы программалар үчүн андан бери 2,6 миллиард доллар сарптаган. Москванын чечимине ылайык, уюмдун өлкө аймагындагы кеңселери 1-октябрга карата жабылуусу керек.(UE)