Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу уланууда

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу иши бүгүн да уланып жатат.  Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Анын айтымында, селдин кесепетинен Сары-Камыш айылынын түндүк-чыгыш тарабында 20 гектар жайыт жери жана 16 гектар үлүш жер кум шагылга толгон. 

Мурдагы түнү Тору-Айгыр айыл аймагына караштуу Сары-Камыш айылында сел жүргөн. Ал жерде Ысык-Көл райондук жарандык коргоо комиссиясы иштеп жатат. Адам өмүрүнө зыян келгендиги тууралуу маалымат жок. Көлдөгү кабарчыбыздын айтымында, 18-сентябрдын кечинде айрым райондордо катуу жаан жааган. (RK)