"Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалы башталат

24-сентябрда адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан - 2012” кинофестивалы башталат. Манас кинотеатрында кечки саат 18:00дө фестивалдын салтанаттуу ачылышы болуп, биринчи күнү "Азаттыктын" кабарчысы Аида Касымалиеванын “Москвада калган ый” фильми көрсөтүлөт.

Фестивалда адам укуктарына арналган 32 даректүү тасма сунушталат, анын 16сы Кыргызстандын киночуларына таандык. 6-жолу уюштурулуп жаткан иш-чара 29-сентябрга чейин уланат. Анда түрмөдөгү жарандардын, сексуалдык багыты башка адамдардын турмушу жана башка темаларды камтыган кинолор тартууланат. Каалоочулар келип акысыз күбө боло алышат.

Фестивалдын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат. (AKu)