Ахмединежад Нью-Йоркто Израилди сындады

БУУнун Башкы ассемблеясынын жыйынына келген Иран президенти Махмуд Ахмединежад Израилге каршы билдирүү жасады. Ал Израилди Жакынкы Чыгышта тарыхый тамыры жок деп, бул өлкө Тегеран үчүн тынчсыздануу очогу экенин, бирок Иран мындан коркпой турганын да белгиледи.

Мындан мурда Ирандын куралдуу күчтөрүнүн командирлеринин бири Изарил ядролук куралдарын Иранга каршы даярдап жатканы анык болсо, биринчилерден болуп кол салаарын четке каккан эмес.

Изарилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да акыркы учурда Ирандын дарегине сын айтып, дүйнөлүк коомчулукту Ирандын уран байытуусуна каршы чара көрүүгө чакырып келет.