ӨКМ: Айрым жерлерде үшүк жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш эскертүү таратты. Синоптиктердин маалыматына караганда, 1-2-октябр күндөрү Чүй облусунун айрым райондорунда, Талас жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...-3 градус үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү мөмө жемиштерине, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.