"Ата-Журт" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев ооруканага кайрылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын өкүлү Нургазы Анаркулов билдирди.
"Ак үй тараптан ок колдонушканда Ташиевге үч резина ок тийген. Бирөө башына, экөө бутуна. Ошондон бир аз эс-учун жоготуп, азыр өзүнө келе баштады. Аны ооруканага алып баратышат", - деди Анаркулов.
Нургазы Анаркулов Ташиев кайсы ооруканага кайрылаарын айткан жок.
Камчыбек Ташиев баштаган элүү чакты адам бүгүн Кумтөр маселеси боюнча Ала-Тоо аянтында өткөн митингден кийин үнүбүздү бийликке жеткиребиз деп Жогорку Кеңештин темир дарбазасынан секирип өткөн. Бирок милиция аларды сүрүп чыгарган. (RK)