Сабировдун соту уланды

Бүгүнкү соттук жараянда мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун ошол кездеги орун басары, андан кийин аталган министрликте департамент башчысы болуп турган Гүлнара Дербишова да күбө катары көрсөтмө берди. Дербишовага бала асыроочу фирмаларды тандоодо экс-министр Равшанбек Сабировдун ролу кандай болгон, ал кайсы бир фирмага артыкчылык берип, жеке кызыкчылыгын көздөгөнбү деген суроолор берилди. Ал өз сөзүндө экс-министрди айыптаган же күнөөлөгөн билдирүү айткан жок.

Ушул эле сот отурумунда Сабировдун жардамчысы Тахир Мырзахметов мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, экс-министрди актап сүйлөдү. Ал бала асыроочу чет элдик фирмалардан акчаны өзү алгандыгын, түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, акча таап алууну максат кылганын билдирди. Ал алгачкы көрсөтмөлөрүндө биринчи алган 5 миң долларды, андан кийин алган акчаны да министрдин тапшырмасы менен талап кылганын билдирип келаткан болчу.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировго Башкы прокуратура тарабынан “ири өлчөмдө пара алган” деген айып тагылып, 5-июл күнү камакка алынган. 25-июлда соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Анын орун басары Гүлнара Дербишева да ушундай эле айып менен 31-август күнү кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында. Буларга чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылууда. Кийинки сот отуруму 10-октябрда уланат. (ZB/RK)