Түркмөнстанда өкмөттү сындаган экс-министр кармалды

Түркмөнстанда өкмөттүн сынчысы, 59 жаштагы Гелдимурат Нурмухаммедов бейшемби күнү «баңгичи» деген кине менен кармалып, алыскы Дашауз дубанындагы реабилитация жайына алты айга жиберилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" экс-министрдин туугандары билдирди.

1992-95-жылдары Түркмөнстандын туризм жана маданият министри болуп иштеген Нурмухаммедов былтыр "Азаттыкка" өкмөттү сындап, бийликтеги Демпартияны мыйзамсыз деп айткан эле. Ошондон кийин бийликтер Нурмухаммедовдун Ашхабаддагы жеке бизнесин жаптырып салган.