Кара-Кече кенин басып алуу аракети болду

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков Кара-Кече көмүр кенинде абал тынч экенин, кен кадимки тартипте иштеп жатканын бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бир жума мурда Кара-Кечеден көмүр чыгарып, элге тараткан “Шарбон” ишканасына жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип, кенди басып алабыз деген сөздөр чыккан.

“3-октябрда Кумтөр боюнча Бишкекте өткөн митингден кийин Кара-Кечеге барып басып алабыз деген аракеттер болгон. Бирок биз жол берген жокпуз. Маселени сүйлөшүү жолу менен толугу менен чечтик”, - деди Муратбеков.

Өкмөт өкүлү көмүр кендин ишине тоскоолдук жараткандар мыйзам алдында жооп берерин эскертти. Жергиликтүү тургундар “Шарбон” ишканасына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары ээлик кылат деп нааразылык билдирип келишет. (KKs)