Бишкекте камалган депутаттардын жакындары митингге чыкты

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун 200дөй жакындары, туугандары митингге чыкты. “Ата-Журт” партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкуловдун “Азаттыкка” айтымында, алар акыйкат чечим чыгып, депутаттардын бошотулушун талап кылып жатышат.

ЖК депутаттары, “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов “Конституциялык бийликти кулатууга аракет жасаган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” делип, эки айга камалган.

3-октябрда Бишкекте Кумтөр алтын кенине байланыштуу болгон митинг, тополоң менен аяктаган соң аталган үч депутатка Акүйдү басып алуу аракети фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр алар УКМКнын тергөө абагында. (КЕ)