Монгол борборунан Лениндин эстелиги алынат

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, өлкө бийликтери Владимир Лениндин баш калаа Улан-Батордун борборунда мындан 58 жыл мурда тургузулган эстелиги алынып, аукциондо сатылуусу керек деп чечишти.

Мындай чечимди Улан-Батордун мэри, Монголия Демократиялык партиясынын өкүлү Бат-Ул Эрдене сунуш кылган.

Аталган партия быйыл июндагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен соң бийликке келген. Монголия кезинде СССРдин жакынкы союздашы болуп, бейрасмий түрдө он алтынчы республика деп да аталчу. (UE)