Аксыда айдоочуну тепкилеген милиция кызматкери камалды

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн Таш-Көмүр - Кара-Жыгач жолунда
машина айдап бараткан адамды уруп-тепкилеген участкалык инспектору
райондук соттун 7-октябрдагы токтому менен 2 айга камалды. Маалыматка ылайык, участкалык инспектор катуу мас абалында машинаны токтотуп, кайым айтышуу убагында айдоочуну уруп, жерге жаткырып алып тепкилеген. Денесинен катуу жараат
алган айдоочу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген. Ага байланыштуу райондук прокуратура участкалык инспекторго кылмыш кодексинин 305-беренеси боюнча ("кызмат абалынан ашыра пайдалануу") кылмыш ишин козгоду. Тергөө иши жүрүп жаткандыгын Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогулов бүгүн билдирди. (YA)