"Малга паспорт берели десем шылдыңдашкан"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров 2008-жылы малдын тек-жайын жазып, паспорттоштуруу демилгесин көтөргөндө, келеке катары кабылданып коомчулуктан колдоо тапкан эмес эле. Азыр Казакстан Кыргызстандан сүт азыктарын алуудан баштаркандан кийин кыргыз өкмөтү малды идентификациялоо жолдорун издеп жатат.