Бишкекте көчө фестивалы өтөт

Эртең Бишкек шаарынын эски аянтында “Көчө майрамы – 2” деген аталыштагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Фестивалга музыканттар, бийчилер, сүрөтчүлөр, велосипедчендер жана ролик тепкендер келип, ар кандай оюн-зоокторду көрсөтөт. Ал үчүн беш аянтча даярдалды. Иш-чаранын негизги максаты - жолдон жөө өткөндөрдүн мүмкүнчүлүгүн, талантын көрсөтүүгө шарт тузүп берүү. Иш-чара мыктыларды аныктоо, белек берүү менен аяктайт.

Фестиаль ар кандай окуялар жана шаңдуу бийлер менен коштолмокчу. Ал каш карайганча уланат. Ушундай эле фестиваль ушул жылдын сентябрь айында да өткөн. (КЕ)