Немис сүрөтчүсүнүн абстрактуу сүрөтү рекорддук суммага сатылды

Германиялык кылкалем Герхард Рихтердин “Абстарктуу сүрөт” (Abstraktes Bild (809-4))  деп аталган полотносу Лондондо жума күнү Sotheby's үйүндө өткөн аукциондо 34, 2 млн долларга сатылды. Буга чейин көзү тирүү бир да сүрөтчүнүн картинасы мындай кымбат сатылган эмес.  2010-жылы америкалык Жаспер Жонстун “Байрак” деп аталган полотносу Нью-Йорктогу аукциондо 28, 6 млн. долларга кеткен.