Тогуз-Тородо кышка камдалган сегиз тонна чөп күйүп кетти

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районуна караштуу Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылында өрт кырсыгы катталды. Акматкуловдордун короосунда жыйылып турган 8 тонна чөп күйгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Малчынын небереси, үч жашар Ислам Акматкулов от менен ойногон шоктугунан улам ушундай кырсык чыкканы айтылууда.  (RK)