Брюсселде бүгүн Евробиримдиктин саммити башталат

Эки күндүк саммит карыз кризисин жөндөө максатын көздөйт. Анда евроаймакта банктардын союзун түзүү маселесине көңүл бурулушу керек. Бул - Евробиримдиктин лидерлеринин быйыл төртүнчү, 2009-жылдын соңунда Грецияда кризис башталгандан берки 22-саммити.

Бирок дипломаттар саммитте кандайдыр бир олуттуу чечимдер болорун күтүшкөн жок.

Карызга баткан Греция, Кипр, Испанияга жардам берүү боюнча ачык-айкын чечимдер каржы министрлеринин келерки айдагы жыйынында гана кабыл алынышы мүмкүн.

Бул аралыкта бүгүн Грецияда жеке жана мамлекеттик сектордун профсоюздары бир суткалык иш таштоо башташары күтүлүүдө. Муну менен алар өкмөттүн үнөмдөө боюнча жаңы чараларына каршылык билдиришет.

Грек өкмөтү үнөмдөө чараларын Евробиримдик менен Эл аралык валюта кору мурда убада кылган кредиттин кезектеги 31 миллиард евросун алуу үчүн киргизүүдө. (UE)