Google интернет-компаниясынын акциялары 8% арзандады

Интернет-ишкананын акциялары бейшемби күнү үчүнчү кварталдын каржылык жыйынтыктары алдын ала белгилүү болгондон кийин кескин арзандап кетти. Жыйынтыктар божомолдорго караганда бир кыйла эле төмөн болчу. Маалымат Нью-Йорк биржа фондундагы соода башталганга чейин туура эмес, кокусунан жарыяланып кеткен, натыйжада Google интернет-компаниясынын акциялары 8% төмөндөп, биржада 695 доллар деңгээлинде жабылды.

Жакында эле Microsoft Corp ишканасын кууп жеткен Google интернет-компаниясынын  кварталдык маалыматы биржадагы соода аяктагандан кийин жарыяланууга тийиш болчу. (ZKo)